Бишкектеги СИЗО-1 кайда көчүрүлөрү белгилүү болду

Бишкектеги СИЗОну шаар сыртына көчүрүү үчүн 26,3 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу кызматынан тастыкташты.

Маалымдалгандай, СИЗОнун жаңы көчүрүлө турган аймагы Бишкек шаарынан 22 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Төмөнкү Нооруз айылы (№50 СИЗОнун аймагында) болот.

Ага ылайык, СИЗО-1 эки миң адамга ылайыкталат.

Белгилей кетсек, СИЗОну Бишкектен көчүрүү үчүн президенттик фонддон 26,3 миллион сом бөлүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан