Үч акча алмаштыруу бюронун лицензияларынын аракети токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Улуттук банктан билдиришти.
Кабарлангандай, 24-октябрдан тартып 7-ноябрды кошо алгандагы мезгил аралыгына «Экспо Моней», «Люксор Финанс», «Обменное бюро «Скайлэнд» алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети токтотулду.
Алар Кыргызстандын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы айтылды.