Чек арачылар Өзбекстанга мыйзамсыз 53 баш уй жана буканы алып бараткан адамдарды кармашты

Акыркы эки күндө Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандан Өзбекстанга малды мыйзамсыз алып өтүү боюнча бир нече фактыларды аныктады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там участкасында 1984-жылы туулган Сөгөт айылынын тургуну И.С. кармалды. Ал 11 баш бодо малды Өзбекстанга мыйзамсыз сатууга аракет кылган.

Ага ылайык, бүгүн, 24-октябрда ушул эле аймакта белгисиз төрт адам 42 баш бодо малды Өзбекстанга алып өтүүгө аракет кылышкан. Алардын бири кармалып, калгандары качып кетишкен. Кармалган 1985-жылы туулган А.Д. аттуу кыргызстандык жаран болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган бодо малдын жалпы баасы 2 миллион 300 миң сомду түзгөн.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар малы менен бирге кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан