Каарманыбыз Мурзакулов Мирболот Курбанбекович 32 жашта, 3 кыздын атасы. Баткен ОИИБинин катчылыгында жашыруундук режим боюнча тескөөчү. Милициянын ага лейтенанты.
Алгачкы кызматын ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасынын катардагы милиция кызматкери болуп баштаган.
Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө айдоочу, Касым Шадыбеков атындагы Самаркандек айылдык милиция бөлүмчөсүнүн инспектор нөөмөтчүсү, Көк-Таш айылдык милиция бөлүмчөсүнүн инспектор нөөмөтчүсү болуп, 2023-жылдын жай мезгилинде Баткен ОИИБине которулуп, катчылыктагы жашыруундук режим боюнча тескөөчү болуп эмгектенүүдө.
Бир тууган агасы ИИМдин Ички аскерлеринде ротанын командири болуп иштегендиктен, Мирболот жаштайынан агасын формаларына кызыгып кийип көрүп, наамдарды сурап жатка билчү экенин эскерет.
Мирболоттун жан дүйнөсү адабиятка, поэзияга жакын болуп 23 жашынан баштап ыр жаза баштаган. Алгачкы ырын мекенге арнап, кийин апасына, досторго, жубайына арнап жазган. Кандайдыр бир окуядан катуу таасирленсем, ошондо ыр жазуу сезимим ойгонот дейт каарман.
Энекем
Алтын энем,асыл энем, ардагым
Жашоо берген, өмүр берген адамым,
Канча күндөр, кыйналып сен чоңойттуң
Жаным энем , ак сүтүңдү актаймын
Атам болдуң, энем болдуң энекем
Күндөрүмдү сагындым , сен эркелеткен,
Кайда барсаң, дайыма ыйлап ээрчип,
Жаштыгымда , сени кыйнап тентек элем
Жылдар өттү, айлар өттү арадан
Азыр сенин чачтарынды ак баскан
Жаштыгынды өмүрүңдү бизге арнап
Ааламда жок го деймин сендей адам
Канча кыйын күндө дагы чыдадың
Балаң үчүн канча жолу кыйналдың
Актай албайм ак сүтүңдү энекем
Сенсин менин мойнумдагы тумарым
Мен оорусам сен да кошо ооруйсун,
Күлсөм эгер дайым кошо күлөсүң.
Карааныңдан кагылайын энекем
Билемин мен мен деп жашап жүрөсүң
Энем бактым энем менин таалайым
Арабызда аман болгун ар дайым
Энем болсо башкасы кереги жок
Алладан жалгыз ушул суранаарым.
Мен милиция.
Мен милиция арыздарды каттаган
Мен милиция талыкпаган шашпаган
Чек арада болуп калса бир көйгөй
Курал алып чек арага аттанам
Мен милиция элдин билген маанайын
Өз ишинде ар убакта ар дайым
Кыйынчылык татаал ашуу белдерде
Артка кайтпай күчөй берген ансайын
Мен милиция кылмышкерди кармаймын
Мекениме берген анттан тайбаймын
Мен милиция угуп алгын Ата Журт
Мага ишенген милдетимди актаймын
Мен милиция караңгыда жол сызган
Мен милиция керек болсо окко учкан
Мен үчүн турбайт өйдө эч нерсе
Милдеттен мекен менен намыстан
Мен милиция коопсуздукту караган
Бейпил жашоо тынчылыкты самаган
Мен милиция ушул менин аймагым
Тынч уйкуда жатса деймин ар бир жаран
Мен милиция билим менин куралым
Тартип менен тазалык бул урааным
Сапта турган ар бир сержант офицер
Аман болгун кесиптешим тууганым.
Досторго
Ийгиликке жетишсең,
Сүйүнбөгөн достор бар.
Өтүп кетсең дүйнөдөн,
Күйүнбөгөн достор бар.
Жаман болсоң да мактап,
Айта берээр достор бар.
Айтып алып, сөзүнөн
Кайта берээр достор бар.
Жакшылыкка ээрчитип,
Жүрө турган достор бар,
Жамандыкта жаныңда
Күйө турган достор бар.
Жамандыкты мактанып,
Бүтпөй турган достор бар.
Акыретте күнөөнү,
Жүктөй турган достор бар.
Аялыңа бир карап,
Суктанган да , достор бар.
Байлыгыңа бир карап,
Жутанган да, достор бар.
Карап туруп ,дайыма
Сынаган бир достор бар.
Сөгүнсөң да, кыйнасаң,
Чыдаган бир достор бар.
Бары жогу билинбей,
Жүргөн дагы достор бар.
Дайым айтып жакшы сөз,
Күйгөн дагы достор бар.
Адилеттүү сөз айтып,
Сүйүнгөн бир достор бар.
Көтөрүлсөң жумушта
Күйүнгөн бир достор бар.
Жамандыгынды айтып,
Какшап тураар, достор бар
Жаман көрүп, ичинен
Мактап тураар достор бар.
Жаштыктагы катаны,
Айтып тураар достор бар.
Ар бир сөзү уу сымал,
Сасып тураар достор бар.