Палестиналыктар тарабынан Газада туткунга алынган Йохевед Лифшиц аттуу Израилдин жараны туткунда жүргөндө башынан өткөргөндөрү тууралуу айтып берди. Бул тууралуу BBC жазды.
Йочевед Лифшицти Газада ХАМАСтын согушкерлери мотоцикл менен кармап алып, тоннелге алып барышкан. Башында аларга орой мамиле жасалганы менен тоннелдин ичине киргенде аларга такыр башкача мамиле жасалган.
"Алар бизге жакшы мамиле кылышты, бизге керектүү нерселердин бардыгы менен камсыз кылышты. Биз алардай эле тамактанып жаттык, алар бизге сыр кошулган нан, кайра иштетилген сыр, бадыраң берип жатышты. Бизге күндө ушуларды эле берип жатты", - деген ал.
Ошондой эле ал тоннелге эки-үч күндө бир дарыгер келип, аны жана башка барымтадагыларды көрүп, дары-дармек берип турганын айткан.
Ошондой эле ал ХАМАСтын согушкерлери буга бир топ убакыттан бери даярданганын айткан.
"Алар буга көптөн бери даярданышкан, аларда эркектерге да, аялдарга да керектүү нерселердин баары, анын ичинде шампунь да бар экен", - деген Лифшиц.
Ал туткундан бошотулуп жаткан маалда палестиналык аскерлер менен кол алышып коштошконун кошумчалаган.
Израиль буга чейин Газада 222 жараны туткунда калып калганын билдирген.