Бүгүн, 25-октябрда депутат Тазабек Икрамовго Жогорку Кеңеште чапан жаап, калпак кийгизишти.
Төрага Нурланбек Шакиев эл өкүлүн жеңиши менен куттуктады.
Тазабек Икрамов Афиныда өткөн күрөш боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда ирандык, казакстандык, польшалык балбандарды утуп финалга чыккан. Финалда ал швециялык балбанга упайлардын айырмачылыгында жеңилип калган.