Чехиянын борбору Прага шаарында асмандан бир долларлык купюралар жамгыр болуп жаады. Аны жергиликтүү Kazma аттуу блогер уюштуруп, ал үчүн атайын тик учак жалдаган.
Алгач блогер өзүнүн тасмасындагы кодду чечмелей алган адамга миллион доллар убада кылган. Бирок табышмакты эч ким таба алган эмес.
Анда блогер өзүнүн катталуучуларына атайын бир жерди даярдап, аларга жөнөткөн. Бул жер Прагадан 30 чакырым алыстыкта талаа болуп чыккан.
Белгиленген саатта ал жерде тик учак пайда болуп, тик учактан бир миллион долларлык майда купюралар жааган. Ал убакта жер бетинде миңдеген адамдар рюкзактарын кармап блогерди күтүп турушкан.
Жыйынтыгында келгендер рюкзактарына 1 долларлык купюраларды салып кетишти.