Бүгүн, 25-октябрь күнү Бишкектин Ленин районунун Теңдик конушунда жайгашкан жыгач иштетүүчү ишканадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ишканадан чыккан өрт саат 08:29да чектөөгө алынып, саат 11:42де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 08:01де 1 күжүрмөн эсеп тартылган.
Маалыматка ылайык, "ЛесПром Азия" жыгач материалдарын иштетүүчү заводдун имаратынын ичиндеги жыгачтын калдыктары өрттөнүп, анын аянты 80 чарчы метрди түзгөн.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам ичиндеги станоктор жана имарат сакталып калды.
Бактыга жараша, тилсиз жоодон жабыркагандар жок.