
2024-жылы "Ата-Бейит” улуттук мемориалдык комплексинде иштеген кызматкерлердин айлыгы эки эсеге көбөйтүлөт. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты
Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына
жазды.
Эл өкүлү аталган маселе боюнча маданият министри Алтынбек Максутов менен сүйлөшкөнүн билдирди.
"Тарыхый комплекстин директору Болот Абдрахманов жумушчулардын айлыгы аз болгондуктан майыптыгы бар адамдарды иштетүүгө аргасыз болуп жатабыз деп айткан эле. 2024-жылдан баштап "Ата-Бейиттин" кызматкерлеринин айлыгы эки эсеге көбөйтүлөт жана штаттык бирдик кошулат" деди депутат.
"Ата-Бейит" - саясий репрессиянын курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Бишкек шаарынан 30 чакырым түштүк тарапта, Чоң-Таш айылынын жанында орун алган.