"Жамгыр жаайт". Бейшембиге карата аба ырайы

Эртең, 26-октябрда Нарын облусунан башка аймактарда жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20 даража,

Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19 градус,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +16…+21ге жетет.

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +12…+17.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы +7…+9, күндүз +18…+20 градус жылуу болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан