Бүгүн, 25-октябрдан тартып Нарын шаарында жылуулук бериле баштады. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жылуулук планга жараша берилүүдө.
"Жылуулук тутумуна кошулган шаар тургундары суу түтүктөрүн карап, текшерип туруу керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Жылуулук берүүдө кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса аймактагы адистерге кайрылуу керектиги кошумчаланды.