"Кыянаттык кылды". Эрдоган Израилге баруудан баш тартты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган партиялаштары менен жолугушуу учурунда Израилге пландалган сапарын токтотконун айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Муну Эрдоган Газа тилкесиндеги кырдаал менен байланыштуу экенин айткан.

"Беньямин Нетаньяху менен бир эле жолу кол алышып учурашкам. Бул АКШдагы “Түрк үйүндө” болгон. Бирок ал биздин жакшы ниетибизге кыянаттык кылды жана биз Израилге баруудан баш тарттык", - деген Эрдоган.

Мындан тышкары, ал түрк расмий өкүлдөрүнүн Израилге пландалган бардык сапарлары болбой турганын билдирди.

Түрк президенти ошондой эле Газа тилкесиндеги балдардын өлүмү үчүн Батыш өлкөлөрүн айыптады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uri24
2023-10-25 17:02:00
Эрдоган Хамас диний террордук экстримистик уюмду эмнеге айыптаган жок.
0
Azat-123
2023-10-25 20:25:00
Uri24эй башы жок, Палестина өзүнүн жерин коргоп жатса эмнеге айыптамак эле?
+2
Datka7777
2023-10-26 14:38:00
Uri24, НПОсунбу же ЛГБТ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан