"Бишкек троллейбус башкармалыгы" Бишкектеги башкармалыкка тиешелүү тирөөч мамыларды сырдоодо. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Бишкек мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, сырдоо иштери 2022-жылдын май айынан бери жүрүүдө ошол убакыттын ичинде жалпысынан 6 миң 130 тирөөч мамы сырдалып бүттү.
"Азыркы маалда Элебесов көчөсүндө жайгашкан тирөөч мамыларды сырдоо иштери жүргүзүлүүдө. Эске сала кетсек, Бишкек троллейбус башкармалыгына тийиштүү 6 миң 460 тирөөч мамы бар", - деп айтылат маалыматта.