
Бишкекте 26-октябрда троллейбустар толугу менен каттамга чыкпайт. Бул тууралуу бүгүн, 25-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка карганда, 23-25-октябрга чейин Бишкек шаарында ШКУга мүчө-мамлекеттердин Улуттук координаторлор кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Буга байланыштуу 25-октябрда троллейбустук каттамдар бир күн бою толугу менен токтотулду.
Ага ылайык борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.