Бүгүн Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган күзгү көргөзмө ачылат

Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган республикалык күзгү көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чара саат 14:00дө ачылат.

Көргөзмө эки бөлүктөн турат:

  • биринчиси — жазуучунун улуу чыгармаларынын негизинде жасалган, философтун, ойчулдун инсандык масштабын ачып берген эмгектер.
  • Экинчиси — жазуучунун чыгармачылыгына түздөн-түз тиешеси бар, бирок жазуучунун мааракелик датасына арналган, Кыргызстандын көркөм сүрөт мектебинин жалпы өнүгүүсүн чагылдырган чыгармалар.

Көргөзмө 12-ноябрга чейин болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан