Астанада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймактык комитетинин делегаттары тыныгуу алып, “Кара жорго” бийин бийлешти. Андагы видеолор интернет желесине тарады.
"Кара жорго" бийи - тарыхы боюнча тоолук кыргыздардын канындагы бий, алардын жашоо шартын, курч мүнөзүн чагылдырган бий деп айтылат. Кара жорго бийи жорго таптап, куш салып, эл бейпилчиликте жашап турган кезде пайда болгон. Алардын жашоо шартын, мүнөзүн чагылдырган бий деп айтып келишет.
Жаралуу тарыхына үңүлсөк, аталган бийди Кытайдагы кыргыздар бийлегени айтылат.