Чүйдө жаран психотроптук баңги заты менен кармалды (сүрөт)

Сокулук районундагы "Манас" аэропортуна бара жаткан унаа жолдо жаран баңги заты менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка карганда, 5-октябрда УКМК тарабынан Сокулук районундагы Комсомольское айылынын "Манас аэропорту – Бишкек" унаа жолунда, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз даярдоо) боюнча Токмок шаарынын тургуну 1979-жылы туулган Ю.У.Э. кармалды.

"Кармалган жарандын унаасынан жалпы салмагы 415 граммды түзгөн “Альфа-PVP” аталышындагы синтетикалык баңги заты, ошондой эле жалпы салмагы 114 граммды түзгөн "Мефедрон" банги заты табылды. Кармалган Ю.У.Э. аттуу жаран УКМК тергөө камак жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан