Сак болуңуз! Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Жакынкы бир саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Андыктан министрлик төмөндөгү эрежелерге көңүл бурууну эскертет:

- катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

- унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

- электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

- көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

- үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

Кырсык болгон учурда "112" бирдиктүү номерине байланышса боло турганы эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан