Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атылган окуя: Милиция билдирүү таратты

Кызыл-Кыяда дүкөндөрдүн биринде ок атылып, анын кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу маалыматты SUPER KG порталына Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалымдалгандай, 25-октябрда саат 02:15 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБдин 102 номерине шаардагы спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен белгисиз жаранды атып салгандыгын билдирген кабар келип түшкөн.

Ага ылайык, аталган жайда Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу жараны менен Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын 27 жаштагы И.У. аттуу тургуну экөө өз ара пикир келишпестиктен улам ызы-чуу чыгып, натыйжада 27 жаштагы И.У. өзү менен алып жүргөн белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен 32 жаштагы Л.Ш.ны атып, качып кеткен. Ал эми Л.Ш. алган жараатынан улам каза болгон.

"Бул маалымат Кызыл-Кыя ШИИБдин Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 27 жаштагы И.Унун жүргөн жерин аныктоо үчүн ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда ок атылган окуя боюнча видео тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан