13-14-декабрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктоочу "Супер концерт-2013" концерти болуп өттү. Концерт учурунда жылдын суперлеринен тышкары гезит менен көп жылдан бери тыгыз кызматташып келе жаткан ырчыларга, алып баруучуларга наамдар жана жолдомолор тапшырылды.
Алардын бири "Тамашоу“ долбоорун түптөп, элге күлкү тартуулап келе жаткан алпаруучу Эрмек Нурбаевге "Заманыбыздын супер алып баруучусу” наамы жана экзотикалык өлкөдө эс алып келүүгө жолдомо ыйгарылды.