Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип кримтөбөл кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелип кримтөбөл кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта 49 жаштагы Б.Б. аттуу шектүүнү кармоо УКМК менен биргеликте жүргүзүлгөнү айтылат.

Кошумчалангандай, буга чейин Ысык-Көл облусунун тургуну Балыкчы ШИИБине алдамчылыкка байланышкан мыйзамсыз аракеттер боюнча мыйзамдуу чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдамчылык аракеттердин натыйжасында, арыз ээсине 3 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө бул кылмышка тиешеси бар шектүү адам аныкталып, кармалган.

Алынган маалыматтар боюнча, кармалган шектүү жаран кылмыш дүйнөсү менен тыгыз байланышта экени жана анын идеологиясын карманары, ошондой эле Балыкчы шаарында кримтөбөл экени аныкталган.

Кармалган жаран сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан