Бишкекте бүгүн, 14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын суперлерин аныктаган концертинин 2-күнү өтүүдө. Концертте жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылууда.
Ырчы Омардын "Сүйөм сени, унутпа" чыгармасы SUPER.KG порталынын колдонуучулары менен элдин сүймөнчүлүгүнгө ээ болгону белгилүү.
Ырчы Омар "Супер концерт-2013" концертинде гезиттин эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип өттү.
"Куру аякка бата жүрбөйт" дегендей, шоу дүйнөсүндө ырчылар эмгектенип жатканда аны баалаган адамдардын болгону жакшы. "Супер-Инфо" гезити жаш ырчыларга жакшы стимул болуп турат",- деди ырчы.