Жалал-Абадда шаар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү (фото)

Кечээ, 26-октябрда Жалал-Абадда шаар күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон бийлик өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Салтанаттуу иш-чара "Курманбек” стадионунда уюштурулду. Ал Жалал-Абад шаарынын аталышынын тарыхына арналган майрамдык оюн-зоок менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы кыргызстандыктарды Жалал-Абад облусунун борборунун 146 жылдыгы менен куттуктады.

Ал ата-бабалар кезинде Ата Мекенибизди кан-жаны менен коргоп, күрөшүп жүрүп, бизге – урпактарга калтырганын эсибизден чыгарбашыбыз керектигин, тарыхыбызды урматтоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Андан соң президент эки спортчу Рустамбек уулу Нурадинге жана Амантур Исмаиловго батирлердин ачкычтарын тапшырды. Садыр Жапаров спортчулардын талыкпаган эмгегин баалоо, колдоо - мелдештерде жеңишке жетүү, жаштарды спортко тартууну пропагандалоо максатында жасалып жатканын белгиледи. Улан-кыздар спорттун кайсы бир түрүнөн өлкөнүн желегин эл аралык аренада бийик көтөрүп, даңазалаган чемпион, залкар инсан болууга умтулушса, жакшы болот, деп дени сак болууга үндөдү.

Андан соң салтанаттын коноктору үчүн маданият ишмерлеринин жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа коюлду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан