Сузакта адам өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды (видео)

Сузакта адам өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Жалал-Абад облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБине район тургуну арыз менен кайрылып, 17-октябрда Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда 32 жаштагы бир тууган инисинин жансыз денеси табылганын билдирген. Иниси эмне себептен каза болгонун аныктап берүүнү, эгерде киши колдуу болсо кылмыш жасаган атуулдарга чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1994-жылы туулган К.И. жана Баткен районунун тургуну 1988-жылы туулган А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Видео: Жалал-Абад ОИИБ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан