Аккордеон чертип, ырларды катыра аткарган тартип сакчысы Дамирбек Омурбай уулу менен маек (видео)

- Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө маалымат бере кетсеңиз.

- Мен милициянын старшинасы Омурбай уулу Дамирбек 1995-жылы Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында жарык дүйнөгө келгем. 2017-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарында жайгашкан ИИМдин Атайын багыттагы полкунда, 2020-2021-жылдар аралыгында ушул эле полктун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасында, андан соң бир жыл Баткен ОИИБнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасында кызмат өтөдүм. 2022-жылдан бери Лейлек РИИБдин нөөмөт бөлүмүндө нөөмөтчүнүн жардамчысы кызматында эмгектенем.

- Милиция кесибин кантип тандап калдыңыз?

- Менин милиция кызматкери болушума ата-энем түрткү болду десем болот. Анткени ата-энем ар дайым “элге кызмат кылган, элге жардамың тийген инсан бол!” деп көп баталарын беришчү. Мен ойлонуп жүрүп, элге жакын кесиптердин бири болгон милиция кызматын тандоону туура көрдүм. Ата-энем дагы менин тандоомду кубануу менен кабыл алышып, алкыштарын беришкен. Азыр ойлойм туура тандаптырмын деп, себеби милиция эл үчүн кызмат кылат.

- Милицияда жаңыдан иштеп баштаганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

- Кыйынчылыктар деле болгон жок. Өз каалоом менен келгендиктен тартипке бекем болуп, ар бир кылган ишиме жоопкерчилик менен мамиле кылдым.

- Практикаңыздан кайсы учур эсиңизде көбүрөөк калды?

- Кыргыз-тажик чек арасында болгон каргашалуу окуяда жарандарды коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы милиция кызматкерлерине берилген эле. Ошондо мен Лейлек районундагы алыскы айылдарда жашагандыктан өзүмдүн үйүмө эки бала-чакалуу үй-бүлөнү алып келип, абал тынчыганга чейин тамак-аш менен камсыздап, карап жаттым. Ошол учурда алардын психологиялык жактан катуу жабыркаганы эсимден кетпейт.

- Милицияга келген жаштар эмнени билиши керек деп ойлойсуз? Алар эмнелерге даяр болушу керек?

- Алар өз өлкөсүн, элин коргоого бара жатканын туя билип, бардык кыйынчылыктарга жана жеке убактысына карабастан өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга милдеттүү экенин билиши керек. Ошондо гана тартип болот. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети – элдин арасында болуу, жеке убактысын аябастан элге жардам берүү.

- Аккордиондо ойноп, обондуу ырларды ырдайт экенсиз. Бул жөнүндө айта кетсеңиз.

- Аккордеонго кызыкчу эмесмин. Бирок обондуу ырларды ырдап жүргөм. Мен 9-класста окуп жүргөндө Рысбай Абдыкадыровдун жаркын элесин эскерүү кечесине даярдана баштадык. Ошол учурда агайым мага аккордеонду үйрөтүп, “Издейм сени” деген чыгарманы ырдайсың деп тапшырма берген. Ошентип аккордеонго кызыгып кеттим. Бара-бара өздөштүрүп, азыркы учурда жакшы эле ойнойм.

- Келечектеги пландарыңыз...

- Ар бир адам өзүнүн жаркын келечеги үчүн күрөшүшү керек. Мен да келечекте Кыргыз милициясына эмгегим сиңген ардактуу ардагерлердин катарын толуктасам деген изги тилегим бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан