Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган айыл аймактын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С. жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Алар 2016-2023-жылдар аралыгында 61,37 гектар жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши тергелүүдө.
"Мындан тышкары жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну көздөп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала сүйлөшүп, 600,53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен. Бирок иш жүзүндө 624 гектар жер экени аныкталды.
Анын ичинен 61,37 гектар мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген. 6 гектар Д.Д.М. тарабынан 12 жакын адамына белек катары берилген. Ал эми 556,63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген", - деп айтылат малыматта.
Көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 миллиард 63 миллион сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 миллион 743 миң 145 сомду түзөт.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 миллиард 63 миллион сом болгон 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду.
"Мурда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында И.Ж. аттуу жаранга жер тилкесин мыйзамсыз бөлүп берүү үчүн мурда алынган 106 миң сом өлчөмүндөгү паранын 50 миң сомун кайтарып жаткан жеринен Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын жер маселелери боюнча башкы адиси К.А.С. кармалган", - деп айтылат билдирүүдө.
Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында, кармалган К.А.С.нын турак-жайы, айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана Хундай Портер үлгүсүндөгү унаасы, жалпы суммасы 5 миллион 450 миң сом мамлекетке конфискацияланды.
Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.