Мурда издөөдө жүргөн Ош ШИИБинин кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, алар жарандан опузалап 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.
"Ош шаардык милициясынын ыкчам кызматкерлери милициянын капитаны Т.Б., милициянын майору И.И., милициянын капитаны Э.С. жана милициянын майору Ж.у.Н. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуу жолу менен Ош облусунун тургуну А.у.С.дан 400 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалаган", - деп айтылат билдирүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 100 миң сом алып жаткан жеринен өнөктөшү жана милициянын майору Ж.у.Н. кармалган. Алар тергөө абагына киргизилип, калгандарына издөө жарыяланган.
3-октябрда калган милиция кызматкерлери колго түшүрүлдү.