Бишкектин Свердлов районуна караштуу Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батиринен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жалпысынан өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо кучагына алган аянт 45 чарчы метрди түздү.
Өрт өчүрүүчү, куткаруучулар өрт чыккан батирдин ичинен 3 жаш баланы аман-эсен куткарып, 11 адамды эвакуациялашкан.