Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаа менен эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ӨКМга Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ага ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 14:29 чамасында Кара-Балта шаардык №22 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 14:38де АКУ менен 3 куткаруучу жана ИИМден 1 экипаж тартылган.
Учурда унаалардын үлгүлөрү жана жабыркаган жарандар боюнча маалымат такталууда.
Бул жол кырсыгы тууралуу кошумча маалымат берилери айтылды.