13-14-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Супер-Инфо" гезитинин жылдын мыктыларын аныктаган концерти болуп өттү. Эстрада ырчыларынын катышуусундагы концертте 2013-жылы эмгектенген шоу дүйнөсүнүн бир нече өкүлү "Супер" деген наамдарга ээ болушту. Гезиттин гимни жаӊырып жатканда редакциянын эмгек жамааты чыгып сахна кошумча шаӊга бөлөндү. Көрүүчүлөр узакка кол чаап, үйлөрүнө жөнөштү.