Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Худжанд-Жаштык-Канибадам” унаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампа жайында аткезчтликке бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-октябрда Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги “Худжанд-Жаштык-Канибадам” унаа жолунда жайгашкан “Кыргызстан” соода түйүнүнүн кампа жайында текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү коштоочу документтери жок бир топ көлөмдөгү эл керектөөчү товарлар жана медициналык препараттар табылып алынды.
Ага ылайык, 16 миң кутучадан ашык медициналык буюмдар, 19 тонна кумшекер, 9 тонна тоок эти, ошондой эле 18 миңден ашык алкоголдук жана энергетикалык суусундуктардын бөтөлкөлөрү.
"Учурда ведомстволор аралык топ кармалган товардын баасын эсептөөдө, ошондой эле кылмыш ишин козгоо үчүн иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүүдө.
УКМК мамлекеттик чек ара аркылуу аткезчилик жана дары-дармектерди мыйзамсыз жүгүртүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет", - деп айтылат маалыматта.