Бишкекте Нарын облусунун мурдагы губернатору Адылбек Эсенбеков кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда ишенимдүү булактардан билдиришти.
Маалым болгондой, ал массалык баш аламандыкка чакырууга шектелип кармалган.
Учурда Адылбек Эсенбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Ал буга чейин Нарын шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы, 2015-жылы "Бир-Бол" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышып, буга чейин суу чарба башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Өздүк булактардан билдиргендей, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча бир нече жолу кылмыш иши козголгон.