"Манас" аэропортунун унаа жолунда үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 28-октябрда Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалым болгондой, кечээ, 27-октябрда саат 08:00 чамасында Манас айылында Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа Хундай үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
Ага ылайык, Хундай унаасы карама каршы тилкеге чыккан учурда түндүктөн түштүктү көздөй бара жаткан Хонда Степвагон унаасын сүзгөн.
Жол кырсыктын кесепетинен "Тез жардам" кызматы бир жаранды Сокулук аймагынын ооруканасына жеткирди.
Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.