Кумтөр кенинде кырсык болуп, оор жүк ташуучу техниканын 35 жаштагы айдоочусу каза болду. Бул тууралуу "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын чоо-жайы тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Бирок учурда адам өлүмүнө алып келген окуянын себептери иликтенип жаткандыгы айтылат.
"Кумтөр Голд Компанинин" жетекчилиги жана эмгек жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Кызматкердин үй-бүлөсүнө тийиштүү көмөк көрсөтүлүп, материалдык жардам берилет", - деп айтылат маалыматта.
Компаниядан кырсыктын себептери боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.