Израиль Газа секторунда согуштун экинчи этабын баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Израилдин премьери Биньямин Нетаньху алардын аскерлери Газанын дарбазасына өткөндүгүн айтып, согуштун экинчи этабы башталганын билдирген.
"Израилдин жарандары кечээ кечинде биздин кургактагы аскерлер Газанын дарбазасына өтүштү. Бул максаты так коюлган согуштун экинчи этабы — ХАМАСтын аскердик жана саясий инфраструктурасын жок кылуу жана туткундарды кайтаруу", - деди Израилдин премьери.