Сапар Исаковго Көлбаевдин тиешелүү адамдары белекке берген брондолгон унаа табылды

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунда жүргөндөрдүн бири белек кылган кымбат баалуу унаа табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Көлбаев жана ага тиешеси бар адамдардын мыйзамсыз мүлктөрүн аныктоо чараларынын жүрүшүндө Мурат Рамонов кармалган.

Көлбаевдин кылмыштуу жол (рэкет, опузалоо, ишкерлерден опузалап алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү) менен алынган мүлктөрүнүн мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында өзүнүн атына каттатып, кийин Сапар Исаковго өткөрүп берген.

"2020-жылдын октябрь айында Рамонов 2015-жылы чыгарылган сооттолгон Mercedes Benz S600 автоунаасын экс-премьер-министр Сапар Исаковго абактан чыккандан кийин өткөрүп берген. Андан соң 2020-жылдын 5-октябрында Сапар Исаков айрым саясатчылар менен биргеликте бул унааны "Ала-Тоо" аянтында массалык башаламандык уюштуруу аракетинде колдонгон", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын 12 жолку чемпиону, бир нече жолку Азия чемпионатында күмүш жана коло байгелерди багынткан Рамонов Мурат Туганович 25-октябрда "Камчы Асанбектин тобуна тиешеси бар" деген шек менен суракка чакырылып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан