Ысык-Көлдө мыйзамсыз кармалган балыктарды сатуу учурунда үч жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандар Түп айылынын тургундары, 42 жаштагы С.У., 34 жаштагы Ж. Э. жана С. Б. экендиги аныкталды. Алар 102 даана "Сиг-лудога" балыгын сатууга аракет кылышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин (Балыкты же болбосо суу жаныбарларын мыйзамсыз уулоо жана олжолоо) негизинде кылмыш иши козголду.
Жаратылышка келтирилген зыянды аныктоо максатында, материалдар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин региондук башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө амалдары уланууда.