Махачкаладагы аэропортто Израилден келген учак конгондон кийин башаламандык болду

Дагестандын Махачкала шаарында Израилдин Тель-Авив шаарынан учуп келген учак аэропортко конгондон кийин топтолгон адамдар аэропортко кирип, башаламандык болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алгач топтолгон адамдар аэропорттогу адамдардын паспортторун текшерип, андан кийин аэропортко киришкен. Жаңжалдан 20га жакын адам жаракат алган, алардын айрымдарынын абалы өтө оор.

Бул факты боюнча "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси менен кылиыш иши козголуп, аэропорт убактылуу жабылды.

Аэропортко кирип барган адамдардын бир тобу качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asyl27
2023-10-30 15:09:00
Биздеги аллах акбор менен коштолгон митингтер Кыргызстандын имиджине тескери таасирин тийгизет
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан