Кызыл-Кыяда 32 жаштагы жаранды атып кетишкен. Шектүү Тажикстандан кармалды (фото)

Кызыл-Кыяда дүкөндө ок атып, изин жашырып кеткен жарандын башка дагы кылмышы аныкталып, ал Тажикстандан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы дүкөндөрдүн биринде 25-октябрь күнү саат 02:15тер чамасында ызы-чуу болуп, белгисиз жаран ок атуучу курал менен жанындагы шеригин атып салып, изин жашырып кеткен. Ал эми октон жаракат алган жаран ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам каза болгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде Кызыл-Кыя шаарынын 32 жаштагы Л.Ш. аттуу тургуну менен 27 жаштагы И.У. аттуу жаран өз ара пикир келишпестиктен улам ызы-чуу чыгып, натыйжада И.У. өзү менен алып жүргөн ок атуучу курал менен Л.Шны атып жиберип, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткендиги аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү И.Унун жүргөн жерин аныктоо үчүн тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Тергөө иштеринин маалыматына ылайык, каза болгон жаран жана издөөгө алынган жаран дагы мурда бир нече жолу сот жообуна тартылгандыгы аныкталган.
Кылмышка шектүү И.У. жана анын кылмышка шериктеш Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 32 жаштагы А.Анын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталган:

25-октябрь күнү Ош ШИИБне Ош шаарынын 32 жаштагы Т.Д. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Арызында аны 24-октябрдан 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:30дар чамасында аны Кызыл-Кыя шаарына алып келип, өздөрүн "смотрящий" деп атаган 8 жаран (арасында издөөдө жүргөн И.У.да болгон) белгисиз ок атуучу курал менен коркутуп, "бизге жасалма 20 миң доллар таап келесиң, болбосо унааңды бизге өткөрүп бересиң" деп ага күч колдонуп, зомбулук көрсөтүп, айдоочулук көбөлүгүн 10 миң 650сом акчасын, айдап жүргөн автоунаасын тартып алып койгондугу маалым болгон.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, жабырлануучу Т.Дга тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө өздөрүн крим авторитет эсептеп жүргөн, жогорудагы кылмышка шектелип, Кызыл-Кыя шаарынын тургундары 27жаштагы Т.М. жана Б.М., 31 жаштагы Э.М. жана А.И. ошондой эле мурда бир канча жолу соттолгон Ноокат районунун 21 жаштагы А.А. жана Кызыл-Кыя шаарынын 18 жаштагы Э.И. аныкталып, Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми издөөдө жүргөн И.У. жана анын кылмыштуу шериги А.Анын жүргөн жери аныкталып, алар кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Тажикстандын аймагына кирип кеткендиги маалым болду.

Эки өлкөнүн ыкчам кызматкерлери биргеликте ыкчам иш аракеттерин жүргүзүп, издөөдө жүргөн жарандар Тажикстандан кармалып, Кыргызстанга өткөрүлдү.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан