Израилден Дагестанга учуп келген учакта кимдер болгону белгилүү болду

Кечээ, 29-октябрда Тель-Авивден Махачкалага учуп келген учакта негизинен аялдар жана балдар, алардын арасында жасалма дем алдыруучу аппаратка туташылган бала дагы болгон. Бул тууралуу «Дагестан» республикалык телерадиокомпаниясынын телеграм-каналында "Махачкала аэропортунун" башкы директору Саид Рамазанов билдирди.

Анын айтымында, 50гө жакын адам болгон, анын ичинен 10 чактысы гана эркектер, калганы аялдар жана балдар болгон. Учакта жасалма дем алдыруучу аппаратка туташылган коляскадагы бала дагы бар болчу.

Ал белгилегендей, Мамлекеттик Думанын депутаты Хизри Абакаров менен тополоңдун катышуучуларынын сүйлөшүүлөрүнүн аркасында көп сандаган адам курмандыктары алдын алынган.

Эске салсак, 29-октябрда Махачкала аэропортунда массалык баш аламандык болгон. Израилден учак келгенде тургундар учуу тилкесин көздөй чуркап чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2023-10-30 17:32:00
Сабатсыз эркектер. Бизде мындай окуя болбосун учун, жаштарды динден, саясаттан алыстатып, эн башкысы билим, корком маданий иштерге, искуство, адабий чыгармаларга кызыгууларын арттыруу керек.
-2
bekhaliev
2023-10-31 06:49:00
Asyl27 КТК жепсин,динге асыла бербечи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан