Өлкөдө казинолорду кимдер иштетип жатканы маалым болду

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов өлкөдөгү казинолорду кимдер иштетип жатканы тууралуу маалымат берди.
Умтуловдун маалыматына караганда, "Гранд казинонун" 80 пайыз үлүшү "Кыргыз Инвестмент энд Файненшиал Сервисез" компаниясына, 20 пайызы Азат Буркановго таандык.
Ал эми "Казино Кристал" казиносуна Сүйүнбек Уметалиев 37 пайыз, Назим Айткулов 10 пайыз, Чубак Асанов 53 пайыз үлүшүнө ээлик кылат.
Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган жогоруда аталган эки казино иштеп жатат. "Гранд казино" лицензияны 2023-жылдын май айында алса, "Казино Кристал" казиносуна быйыл сентябрь айында берилген.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев аталган казинолор иштей баштагандан бери 84 миллион сом киреше түшкөнүн билдирди. Бул сумманын ичинде букмекерлерден түшкөн каражат дагы бар. Тактап айтканда, казинолордон 80 миллион сом, букмекерлерден 3,5 миллион сом салык алынган.
Ал эми буга чейин Финансы министрлигинин тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётунда жыл башынан сентябрь айына чейинки аралыкта өлкөдөгү казино ишмердүүлүгүнөн 58 миллион 950 миң сом салык алынганы айтылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан