Махачкаладагы окуядан кийин Израиль Орусияга кайрылды

Израиль Махачкала шаарындагы аэропортто болгон окуяга байланыштуу Дагестандагы окуяларга көз салууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Кеп Орусиядагы еврей улутундагылар жөнүндө. Израиль Орусия еврейлердин коопсуздугун камсыздайт деп ишенерин билдирген.

"Израиль Орусиянын укук коргоо органдарынан Израилдин бардык жарандарынын жана еврей улутундагыларга каршы багытталган чагымдарга каршы чечкиндүү чараларды көрүшүн күтөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ, 29-октябрда Махачкалада Тель-Авивден учуп келген учактын учуп-конуу тилкесин жергиликтүү тургундар бузуп киришкен. Алар учактан Израилдин жарандарын издешип, аэропорттогу адамдардын паспортторунан бери текшеришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, аэропорт жабылган. Бүгүн, 30-октябрда аэропорт ишин улантты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан