Бизнесмен Олег Подобедов СИЗОдон бошотулду 

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында кармалган жеке ишкер Олег Подобедов эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Биринчи Май райондук сотунун 24-октябрдагы токтому менен УКМКнын Башкы тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн кармалган жаранга карата баш коргоо чарасын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган. Ал эми айыпталуучу Олег Владимирович Подобедов эч жакка чыкпоо тил каты менен СИЗОдон бошотулган.

Буга чейин УКМК Олег Подобедовдун үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом) табылганын билдирген. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары, анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан