Караколдо 4 жашар наристе үйгө камалып калган. Куткаруучулар чатырдан киришти (фото)

Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган 4 жашар наристе куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Бүгүн, 30-октябрда саат 12:03тө нөөмөт бөлүмгө 4 жашар бала үйгө камалып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Тактап айтканда, көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 5-кабатындагы батирдин эшиги бекилип, 4 жаштагы наристе ичинде калган.
Жерине 3 куткаруучу барып, 5 кабаттуу турак үйдүн чатырынан альпинисттик шаймандар аркылуу батирдин терезесинен кирип, бекилип калган эшикти ачышкан.
Учурда наристенин абалы жакшы, жабыр тарткан эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан