"Бурулуп качканга үлгүрбөй". Израилдин танкы Газада көчөдө кетип бара жаткан эле унааны атып салды (видео)

Израилдин Коргоо күчтөрүнүн аскерлери Газа тилкесинде танктан карапайым адамдарды ташыган унааны аткылашты. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодон көрүнгөндөй, танк жайкын тургундар кетип бара жаткан эле унааны мээлеген. Унаанын айдоочусу кайра бурулуп качууга аракет кылган маалда танк унааны аткан.

Кол салуу палестиналыктардын түндүктөн түштүккө баруу аракети учурунда болгондугу такталды. Окуяга күбө болгондордун айтымында, Газа тилкесиндеги аль-Шифаа ооруканасына үч адамдын сөөгү жеткирилген, алар Израиль танкы аткан унаадан каза болушкан.

Израилдин танкы Газада көчөдө кетип бара жаткан эле унааны атып салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан