Аргентина курама командасынын оюнчусу Лионель Месси France Football журналынын версиясы боюнча 2023-жылы дүйнөнүн мыкты футболчусу деп табылды.
Аргентина курама командасынын жана америкалык "Интер Майами" клубунун 36 жаштагы чабуулчусу Париждеги сыйлык тапшыруу аземинде сегизинчи "Алтын тобун" алды.
Буга чейин ал France Football версиясы боюнча 2021-жылы дүйнөнүн эң мыкты оюнчусу деп табылган.
Сыйлык үчүн эң мыкты үч талапкердин катарына Килиан Мбаппе (ПСЖ) жана Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») киргени кабарланган.
"Алтын топту" беш жолу алган португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду бул жолу Месси менен атаандаша албай, эң мыкты талапкерлердин тизмесине да кире алган жок.