Сузактагы ок атууга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

Жалал-Абаддын Сузак районунда ок атууга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 31-октябрда Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 29-августунан 30-августка караган түнү болжол менен саат 00:30 чамасында Деу-Нексия үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан 29 жаштагы Н.С. аттуу жаранга Хундай-Гетс үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар келип, бир нече жолу ок атуучу курал менен ок чыгарышкан.

Ага ылайык, Н.С. денесинен жараат алып Жалал-Абад облустук бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Аталган факты 30-августта Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Милиция кызматкерлери тарабынан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районунун тургуну 1994-жылы туулган А.Д. Бишкек шаарынан кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошондой эле А.Д. мындан ары уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясын колдобой, мыйзамды сактай тургандыгын айтты.

Мындан тышкары бул кылмыш ишине шектүү катары буга чейин дагы Сузак районунун 3 тургуну кармалган",- деп айтылат маалыматта.

Сузактагы ок атууга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан