Сутка ичинде республиканын аймагында 19 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 20 бөлүм тартылган.
- Чүй облусунда 5;
- Ош облусунда 5;
- Бишкек шаарында 3;
- Жалал-Абад облусунда 2;
- Ысык-Көл облусунда 2;
- Нарын облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.
Ага ылайык, куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болгон.