Палестина-Израиль жаңжалы башталгандан бери Газа тилкесинде каза болгондордун 70 пайызга жакынын аялдар жана балдар түзөт. Бул тууралуу БУУнун палестиналык качкындарга жардам көрсөтүү агенттигинин (UNRWA) башкы комиссары Филипп Лазарини билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.
"Өлтүрүлгөндөрдүн 70 пайызга жакыны аялдар жана балдар", - деп билдирген БУУнун өкүлү.
Лазарининин айтымында, үч жумада Палестинанын анклавында дээрлик 3 миң 200дөй бала каза болгон.
Ал ошондой эле Израиль армиясы бутага алган имараттардын көбүнчөсү ооруканалар болгонун кошумчалаган.