Жылдын триумфу «Салам, Нью-Йорк!» тасмасы болду. Дегеним, бул тасма «Супер тандоо-2013тө” 4 наамга ат салышып, баарында озуп чыкты. Тактап айтканда, тасманын өзү “Жылдын супер тасмасы” наамына көрсөтүлсө, андагы баш каармандардын ролун ийине жеткире аткарган Бектемир Мамаюсупов менен Аида Тулебаева “Жылдын супер актёру”, “Жылдын супер актрисасы” наамдарына талапкер болушту. Ал эми аталган тасмада ырчы Каныкейдин аткаруусунда жаңырган “Садагам” саундтреги “Жылдын супер саундтреги” наамына ат салышты. Жыйынтыгында, бул тасма минтип 4 наамды тең эч кимге алдырбады.
Тасманын Түштүк Кореяда өткөн Сеул эл аралык кинофестивалынын атайын сыйлыгына да ээ болгонун айта кетпесек болбос. Белгилей кетсек, аталган тасманы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер тасмасы" наамын алган "Бишкек, мен сени сүйөм!" фильминин жаратуучуларынын бири Руслан Акун тарткан.